Аннотация
Макалада маалымат доорунда студенттердин критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүнүн теориялык жана практикалык аспектилери талкууланат. Кыргызстандын түштүк регионундагы ЖОЖдордун студенттеринин критикалык ой жүгүртүүсүнүн абалын талдоо үчүн сандык жана сапаттык методдорду колдонуу менен эмпирикалык изилдөө жүргүзүлуп, санариптик технологиялардын окуу процессине тийгизген таасири да изилденген. Изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, окуучулар маалыматты талдоодо жана баалоодо кыйынчылыктарга дуушар болушат, бул критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү контекстинде билим берүү ыкмаларын андан ары өркүндөтүүнү талап кылат. Макалада Кыргызстандын түштүк регионундагы ЖОЖдордун окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча да сунуштар берилген. Билим берүү программаларын трансформациялоо жана мугалимдердин санариптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу зарылчылыгы негиздүү. Санариптик билим берүү мейкиндигинде критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн факторлорун жана механизмдерин андан ары изилдөөнүн перспективалары белгиленген
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
-
Levin, R.Y. (2010). Critical thinking: Theory and practice. St. Petersburg: Piter.
-
Benashvili, I.A. (2013). Psychology of learning: Developing critical thinking in students. Academic Project, 50-70.
-
Zimnyaya, I.A. (2015). Educational psychology (2nd ed.). Moscow: Academia.
-
Shaposhnikova, N.V. (2012). Cognitive development of students: Theory and practice. Moscow: Rech.
-
Nikiforov, V.V. (2014). Active learning methods: Developing analytical and critical abilities. Moscow: Vysshaya Shkola.
-
Solovyev, V.V. (2020). Critical thinking in the educational process. Moscow: Moscow State University.
-
Paul, R., & Elder, L. (2019). The miniature guide to critical thinking concepts and tools. London: Bloomsbury Publishing PLC.
-
Sweller, J. (2011). Cognitive load theory: Implications for classroom learning. Learning and Instruction, 21, 39-47.