Ош технологиялык университетинин жарчысы

Ош технологиялык университетинин жарчысы

«Ош технологиялык университетинин жарчысы» – илимий рецензияланган ачык жеткиликтүү журнал болуп саналат, анда оригиналдуу изилдөөлөрдү, теориялык жана рецензияланган макалаларды, ошондой эле, ар кайсы өлкөлөрдөн келген техникалык жазуулар изилдөөлөрүн жарыялайт. Журналдын максаты – энергетика, курулуш жана архитектура тармагын өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн оригиналдуу илимий изилдөөлөрдү жарыялоо, ошондой эле окумуштуулар менен практиктердин ортосунда билим жана тажрыйба алмашууга шарт түзүү. Журнал төмөнкү тармактар боюнча материалдарды жарыялайт: кайра жаралуучу энергия булактары, энергиянын эффективдүүлүгү, заманбап курулуш материалдары, экологиялык таза курулуш, архитектурадагы санариптик чечимдер жана технологияларды өнүктүрүүгө байланыштуу башка актуалдуу темалар. Бул тууралуу кененирээк Максаттар жана проблемактика бөлүмүндө баяндалат.

Журнал жалпы коомдук прогресс үчүн илимий маалыматты эркин жайылтуу жана глобалдык билим алмашуу принциптерин сактоо менен ачык жеткиликтүүлүк саясатын карманат. Демек бул, бардык мазмунун колдонуучулар тарабынан акысыз көрүү үчүн жеткиликтүү дегенди билдирет. Кененирээк маалымат бул тууралуу Ачык жеткиликтүүлүк саясаты бөлүмүндө жайгашкан. Журналдын илимий макалаларына толук тексттик мүмкүнчүлүк Архив бөлүмүндө жайгашкан.

Басылманын уюштуруучусу: М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети.

Басып чыгаруучу: М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети.

Журналдын веб-сайтына шилтеме (басмакананын сайтында): https://oshtu.kg/kg (SCIENCE бөлүмү)

Мамлекеттик каттоо: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин каттоо күбөлүгү № 480 28.12.2000.

Негизделген жылы: 2000.

Чыгаруунун мезгилдүүлүгү: жылына 2 жолу.

Басылманын тили: англисче.

Башкы редактор: Жанболот Турсунбаев.

Башкы редактордун орун басары: Нурланбек Танаков.

Илимий журналдын редакциялык коллегиясына кыргыз жана чет элдик белгилүү окумуштуулар. Толук курамы тууралуу маалымат Редакциялык коллегия бөлүмүндө жайгаштырылган.  

Бардык материалдар Creative Commons Attribution 4.0 International Public License, шарттарына ылайык таркатылат, ал башка адамдарга кол жазманы чыгарманын авторлугун таануу жана бул журналда биринчи жолу жарыялоо менен таратууга уруксат берет.

Журнал Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан бекитилген «Рецензияланган илимий жана илимий-техникалык мезгилдүү басылмалардын тизмесине» киргизилген, анда илим кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн диссертациялардын негизги илимий жыйынтыктары жарыяланууга тийиш. Журнал Орусиянын илимий цитаталоо индексине (РИНЦ) киргизилген. Журналды Илимий электрондук китепканага (НЭБ, РИНЦ, elibrary.ru) жайгаштыруу жөнүндө келишим № 560-10/2016.

 

Журналдын индекстелиши