«Ош технологиялык университетинин жарчысы» журналынын редакциялык саясаты макалаларды жарыялоо максатында аларды тандоодо объективдүү жана калыстык принциптерине негизделет; илимий изилдөөлөрдүн сапатына жогорку талаптар; макалаларды милдеттүү түрдө рецензиялоо; макалаларды жарыялоо боюнча чечимдерди кабыл алууда коллегиалдуулукту сактоо; авторлор менен байланышта жеткиликтүүлүк жана эффективдүүлүк; автордук жана чектеш укуктарды сактоо. Жарыялоо үчүн материалдарды тандоонун негизги критерийлери болуп алардын жаңылыгы жана идеялардын актуалдуулугу, сунушталган иштин илимий жана фактылык ишенимдүүлүгү саналат.

«Ош технологиялык университетинин жарчысы» журналынын негизги максаты – энергетика, курулуш жана архитектура тармагындагы технологияларды ар тараптуу талдоо жана өнүктүрүүгө арналган оригиналдуу изилдөөлөрдү жарыялоо. Журнал технологиялык өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн тереңирээк түшүнүүгө жана инновацияларды ишке ашырууга көмөктөшүүчү илимий идеялар менен изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын алмашуу үчүн платформа болууга багытталган.

Төмөнкү багыттар боюнча макалаларды жарыялоого кабыл алабыз:

  • энергетика (кайра калыбына келүүчү энергия булактарын изилдөө, энергиянын натыйжалуулугу жана үнөмдөө, энергетиканын экологиялык аспектилери, бөлүштүрүлгөн энергетика жана акылдуу технологиялар; энергетикалык системалар менен технологияларды салыштырмалуу талдоо; жаңы технологиялардын энергетикалык коопсуздукка тийгизген таасирин изилдөө);
  • курулуш (курулуштагы заманбап материалдар менен технологияларды, жашыл курулушту жана туруктуу өнүгүүнү, курулуштагы санариптик чечимдерди, курулуштун экологиялык аспектилерин изилдөө; курулуш технологияларынын натыйжалуулугун талдоо; инновациялардын курулуштун сапаты менен коопсуздугуна тийгизген таасирин изилдөө, жол куруу, транспорттук түйүндөр);
  • архитектура (заманбап архитектуралык тенденцияларды, архитектурадагы инновациялык ыкмаларды, тарыхый имараттарды реконструкциялоо жана адаптациялоо, архитектурадагы экологиялык аспектилерди изилдөө; архитектуралык чечимдерди салыштырмалуу талдоо; архитектуранын жашоо сапатына тийгизген таасирин изилдөө).

Журнал төмөнкү негизги маселелерди чечүүгө багытталган:

  • энергетика, курулуш жана архитектура тармагындагы технологиялык өнүгүүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана өзгөчөлүктөрүн аныктоо;
  • технологиялык чечимдер менен стратегияларды салыштырмалуу талдоо, алардын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин аныктоо;
  • инновацияларды киргизүүгө жана технологиялардын натыйжалуулугун жогорулатууга таасир этүүчү факторлорду аныктоо;
  • өкмөттүк органдар, ишкерлер жана илимий мекемелер үчүн технологияларды өнүктүрүү жана инновацияларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Журнал изилдөөчүлөрдү, окутуучуларды, эксперттерди жана энергетика, курулуш жана архитектура тармагындагы өнүгүү маселелерине кызыккан бардык адистерди кызматташууга чакырат. Биздин басылмалар илим менен практиканын өнүгүшүнө көмөктөшөт жана технологиялык чөйрөдөгү эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз.